Кашкар жуп жалбыракчаны (лат. Zygophyllum kaschgaricum, Boriss.) - Имерилген жыш тикенектүү, бутактуу, көгүлтүр-боз жана тилкелүү кабыктуу, жыгачы сары бадал. Жан жалбырактары өтө кичине жана жаргактуу. Жалбырактары сызгычтай, эттүү, учсуз жуп жалбырактуу, узундугу 6-10 мм болгон жалбырак сабында тушташ жалбырактар жайгашкан. Гүлдөрү 1-2ден жалбырак колтугунда, кыска ( 6-10 мм узундуктагы) гүл сабында жайгашкан. Кутучасы жумуру, тегинен учтугуй, учу томпок, ичке тор сымал тарамышчалуу. Уругу 1-2ден, саргыч, сырткы бети бүдүрлүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, августта мөмөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Кашкар, Борбордук Тянңшанң (Сарыжаз).

Өсүү шарттары түзөтүү

Таштак чөлдөрдө, сазга айланып бара жаткан тоо этектериндеги топурактар.

Саны түзөтүү

Өтө аз санда учурагандыктан, таптакыр жоголуп кетүүсү мүмкүн.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Өтө сейрек кездешкендиктен, жерлерди иштетүүнүн натыйжасында жоголуп кетиши мүмкүн түр.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин (1975) жана Кыргыз ССРинин Кызыл китептерине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ареалын, сан өлчөмүн тактап, түр кеңири кездешкен аймактарда ботаникалык заказник уюштуруу керек.

Статусу түзөтүү

V U . Сейрек кездешкен, аз изилденген эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү