Кашка чымчыктар (лат. Paridae) – сайрагыч таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси жумуру, узундугу 7,6–20 смге чейин жетет. Жүнү жумшак, тумшугу конустай, кээде учтуу. 2 тукуму – кашка чымчыктар. (3 уруу, 48 түрү) жана куркулдайлар (4 уруу, 10 түрү) бар. Түштүк Америка, Мадагаскар жана Австралиядан башка жерлерде кеңири таралган. Көбүнчө токойдо жашайт. Канаты тегерек болгондуктан, алыска уча албайт. Буту кыска, тырмагы жакшы өөрчүгөндүктөн, бак-даракта шамдагай жөргөлөп, секирип жүрөт. Көпчүлүгүнүн төбөсү, алкымы кара же күрөң, башынын эки жагы ак. Дарак коңулдарына уялайт, кызыл тактуу 4–14 жумуртка тууйт. 14–17 күндө балапанын басып чыгарат. Курт-кумурска (зыянкечтер) жана уруктар менен азыктанат.

Lophophanes cristatus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү