Кашык кап - кашык салуучу чакан баштыкча. Бир жак бети сайма, оймо-чиймелер менен көркөмдөлүп, таар, кийиз жана кездемеден жасалган. Кашык капка боо тагылып, керегенин башына илинет. Кашык кап катары чаарчыктын же ара туулган козу-улактын тулубу да пайдаланылган. Чакан сайма буюмдарынын бири. Анын кооз саймасы жана оюму болот. Буюмдун жердиги көбүнчө кийизден, таардан, кездемеден тандалат. Ал көркөмдүк үчүн «аяк кап», «күзгү кап», «кайчы кап» сыяктуу эле кереге башына илинет. Кээде кашык капка ара туулган козунун, улактын, чаарчыктын терилери пайдаланылат. Ага да көркөм сайма көчөттөрү түшөт. Мына ушундай майда буюмдан улам «кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» деген сөз бар. Кереге башы сайын баштык илинип, алардын ар биринин турмуштук мааниси жана ич ара кооздуктары бар. Кайчы капка деле көркөм көчөт түшүрүүдө ушундай кооздуктарды пайдаланат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)