Кашык тумшуктуу кытан (лат. Platalea leucorodia, Linnaeus, 1758):

Кашык тумшуктуу кытан.
Platalea leucorodia

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Ареалы үзгүлтүктүү. Батыш Сахаранын түндүк жээгиндеги аралдар, Дахлак Архипелагынан түштүккө карай Баб-элң-Мандеб кысыгына чейин Кызыл деңиздин түштүк бөлүгүндөгү аралдар. Евразияда Гвадалквивиранын чаты, Гибралтардын жээги, Рейндин чаты жана Чыгыш Австриядан, муруңку Югославия, Албания республикаларынан чыгышты көздөй Түштүк Приморңеге, түндүк-чыгыш Кытайдын борбордук бөлүгүнө, Хуанхэ өрөөнүнө, төмөнкү Брахмапутра өрөөнүнө жана Ганга чатына чейин, Пакистан, Бангладеш, Мңянма. Түндүктөн Австрияга, Венгрияга, Днестрдин ылдый жагына, Днепрдин ылдый жагына, Азов деңизинин түндүк жээгине, Волга-Урал дарыя арасында Чоң жана Кичи Узенге же болжол менен 50-параллелге чейин, Илектин төмөнкү бөлүгүнө, түндүк Казахстанда 53-параллелге, чыгышты көздөй Кургалңджинге, Зайсанга, Абакандын чатына, Тувага, Даур талаасына, Зеянын төмөн бөлүгүнө чейин, Амур өрөөнүндө Уссуринин чатына, Ханка көлүнө чейин . Кыргызстанда Platalea leucorodia leucorodia Linnaeus, 1758 кээде учуп өтүүдө жана кыштоодо Чүй өрөөнүндө, Ысыккөл ойдуңунда жана Ички Тянң- Шандын сырт көлдөрүндө кездешет. Өткөн кылымдын ортосунда, балким, Ысыккөлдүн батышында уялоочу, бирок азыркы учурда уялоого жарактуу аймактар кургатылган.

Жашаган аймактары түзөтүү

Суу жана саздак жерлер, көбүнчө дарыялардын төмөнкү агымдары, чополуу жээктүү көлмөлөрдү артыксынтат.

Саны түзөтүү

Системдүү маалымат жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Тайыз жерлерде эртең мененки жана кечки сааттарда мойнун созуп активдүү азыктанат. Ылдыйкы мандибуласы менен суунун түбүнөн чопону сузуп алат да, башын тараптан тарапка чайкап чопону тумшугунда чыпкалайт. Көнөкбаштар, моллюскалар, бакалар, суу курт-кумурскалары, кээде өсүмдүктөр менен азыктанат. Учушу жай салмактуу, канат кагуусу бир калыпта, адатта үйүр V түрүндө же диагоналдуу түз сызык түрүндө учат. Канаттуунун чыгарган добушу - анда-санда акырын коркулдоо жана тумшугу менен такылдатуу. Чоң уясын бактарга башка кунас сымалдардын арасында бутактардан салат. Кызыл-күрөң темгилдүү 4 ак жумуртка тууйт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Уялоого жана эс алууга жарактуу аймактарды айыл-чарбалык керектөөлөр үчүн кургатуу, кээде - легалсыз атуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргызстанда коргоо үчүн атайын чаралар жүргүзүлгөн эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Кашыктумшуктуу кытандын уялоосуна жана эс алуусуна ылайыктуу суу жана саздак жерлерди кургатууга жана жакын жердеги бактарды кыйууга тыйуу салуу.

Статус түзөтүү

VI категория, Near Threatened, NT: R. Кыргызстанда уруунун жалгыз өкүлү. Platalea leucorodia leucorodia Linnaeus, 1758 номинативдүү түрчөсү учуп өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү