Кегети шаркыратмасы
(«Кегети, шаркыратмасы» барагынан багытталды)
Кегети шаркыратмасы - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Кегети суусунун сол куймасынын капчыгайы негизги өрөөнгө кошулган жердеги акиташтуу тик кашаттан кулап түшөт. Бийиктиги 18–20 м. Өрөөн аркылуу өткөн кара жолго жакын болгондуктан туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2