Келдибекова Шербет - Акын.

Шербет Келдибекова Кочкор районунун Ак-Кыя кыштагында 1949-жылы 15-декабрда туулган.
Орто мектепти бүтүргөндөн кийин китепканачы болуп иштеген.
1968-жылы Фрунзедеги В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетине кирет.
Чыгармачылык жолу 1969-жылы башталган.
«Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеген.
1992-жылы жүрөгүнө операция жасалып, ден-соолугуна байланыштуу иштебегени менен чыгармачылыгын улантып ыр жазып келет.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде

Чырагдан: Поэзия. – Ф.: Мектеп, 1976. – 36 б.

Ата конуш – сыймыгым: Поэзия. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 б.

Терезелер: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 68 б.

Сен жарыгым..: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 76 б.

Кербен: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2005 – 286 б.