"Келечекке кайтуу" (англ. Back to the Future, орус. Назад в будущее) − 1985-жылы Роберт Земекис тарткан америкалык фантастикалык жоруктуу комедия. Сценарийин Земекис жана Боб Гейл жазган. Тасмада Майкл Жей Фокс Марти Макфлайдын ролун аткарат. Марти азыркы жашоосунан 1955-жылга келечектеги ата-энеси мектеп окуучусу кезине кайтып барат да, апасы аны жактырып калат. Кристофер Ллойд Мартинин досу Др. Эммет, башкача айтканда Док Браунду ойнойт да, Мартиге өтмүштө кеткен катаны оңдоп, анын келечектеги ата-энесинин бири-бирин жактыруусуна жардам берет. Марти жана Док 1985-жылга кайтуунун жолун табыш керек.

Келечекке кайтуу
Режиссеру Роберт Земекис
Продюсер
Жазуучу
  • Роберт Земекис
  • Боб Гейл
Оператору Дин Канди
Тартылгандар
Музыкасы

Алан Силвестри

Хүи Лүис
Редактору
Студия Amblin Entertainment
Жайылтуучу Universal Pictures
Чыккан жылы
  • июль 3, 1985 (1985-07-03)
Узактыгы 116 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $19 млн[2][3]
Киреше $381.1 млн[2][3][4]

Тасма 1985-жылы 3-июлда жарыкка чыгып, дүйнөлүк аренада $381 млн киреше табуу менен 1985-жылдын эң көп сатылган тасмасына айланган. Тасма "Эң мыкты коюлган тасма" үчүн "Hugo" сыйлыгын, "Эң мыкты фантастикалык тасма" үчүн "Сатурн" сыйлыгын, "Эң мыкты үн монтажы" үчүн Оскар сыйлыгын алган. Мындан сырткары 3 Оскар сыйлыгынын наамына, 5 "BAFTA" сыйлыгынын наамына жана 4 "Алтын Глобус" сыйлыгынын наамына көрсөтүлгөн. Роналд Рейган 1986-жылкы АКШ Конгрессинде тасманы цитата келтирип кеткен. 2007-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тасманы тандап алган. 2008-жылы июнда "AFI" фантастика жанрындагы эң мыкты 10 тасманын ичине киргизген. Тасманын "Келечекке кайтуу 2" (1989) жана "Келечекке кайтуу 3" (1990) эки уландысы да тартылган жана андан соң анимация сериясы, оюн-зоок паркы жана мюзикл тартылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. BACK TO THE FUTURE (PG). British Board of Film Classification (July 8, 1985). Текшерилген күнү 21 -июнь (кулжа) 2015.
  2. 2.0 2.1 Back to the Future (1985). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2015.
  3. 3.0 3.1 Back to the Future - Box Office Data, DVD and Blu-ray Sales, Movie News, Cast and Crew Information. The Numbers. Текшерилген күнү 14 Апрель 2012.