Кемин тоосу, Таза Кемин – Иле Ала-Тоосунун Түштүк тармагы, Түндүк Теңир-Тоодо. Кемин районунун аймагында. Кичи Кемин, Тегирменти-Суу (Чоң Кеминдин оң куймасы) сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан Түштүк-батышты карай Чүй дарыясына чейин 36 кмге созулуп, чыгыштан батышты карай жапыздайт. Чүй дарыясынын сол жээгиндеги орогр. уландысы – Терек-Жон жана Окторкой тоолору. Эң жазы жери 10 км, Орточо бийиктиги 3100 м, эң бийик жери 3884 м. Негизинен протерозойдун башталышында пайда болгон гранит, гнейс-гранит, гранит пегматити жана калыңдыгы 4606 мге чейин жеткен гнейс, мигматит, сланец, кварцит, мрамор тектеринен түзүлгөн. Чыгышы бийик тоолуу, батышы орто бийиктеги тайпак тоо. Чыгышына альп рельефи мүнөздүү: тоо кырлары бийик, аска-зоокалуу, байыркы муздуктун издери кездешет. Тегирменти суусунун башында майда мөңгүлөр бар. Тоонун батыш бөлүгү – горст; түндүк жана түштүк капталдары тектоникалык жаракалар менен чектелген. Кыры – тайпак денудациялык түздүк. Негизги ашуулары: Кашка-Жол, Жол-Булак, Үч-Булак. Ландшафтында талаа жана шалбаалуу талаа (1600–1800 м), бадалдуу шалбаа (2500–2600 м), субальп жана альп шалбаасы (3100–3200 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Түндүк капталынын чыгыш бөлүгүндө жана Түштүк капталында (Тегирменти сайында) карагай токою бар. Жайыт жана чөп чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү