Түндүк Теңир-Тоо

Түндүк Теңир-тоо - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталын, Талас, Чоң жана Кичи Кемин өрөөндөрүн жана аларды курчаган тоо беттерин камтыйт.

Кеңдик багытта 500 кмге созулуп, туурасы 40-60 кмге жетет. Аянты 21,3 миң км2. Түндүк геотектоника облусунда жайгашып, ар кайсы мезгилдерде пайда болгон магма интрузиялары жиреп чыккан протерозой менен палеозойдун башталышындагы чөкмө жана метаморфизмделген тоо тектеринен турат. Түздүктөр менен тоо этектерин неоген менен антропогендин борпон чөкмө тектери каптап жатат. Рельефинде «ала тоо» тибиндеги тоолор басымдуу. Алардын чокулары менен тепши сымал өрөөндөрүндө дайыма кар жана мөңгү жатат. Кырка тоолордун түндүк капталдары узун, эрозиялык терең капчыгайлар көп. Алардын ортонку бөлүктөрүндө (2500-3000 м бийиктикте) жаан-чачын арбын жаайт. Мында ийне жалбырактуу токой, карагай жана арча кездешкен токой-шалбаалуу талаа алкагы жайгашкан. Бул алкак Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүнө, Күнгөй Ала-Тоонун түндүк капталына, Талас АлаТоосу менен Кемин тоолорунун айрым жерлерине мүнөздүү. Орто бийик тоолуу зоналардагы түрдүү типтеги тоолуу талаа менен шалбаа (Көк-Ойрок, Каракол ж. б.), жапыз тоолордогу кургак талаа менен жарым чөлдөр жайыт жана чабынды катары пайдаланылып, мал чарбасында мааниси зор. Провинциянын ачык боз, ачык коңур топурактуу, шыбак-эфемерлүү жарым чөлдүү түздүктөрү менен тоо этектериндеги төмөнкү зонасын (1500 м бийиктикке чейин; Талас, Чүй, Кемин өрөөндөрү, кырка тоолордун этектери) сугат жана кайрак жерлер ээлейт. Мында тамеки (Талас өрөөнү), жүзүм, дан эгиндери, жашылчажемиш, тоют өсүмдүктөрү эгилет. Регион рекреациялык ресурстарга өтө бай. Минералдуу жана жылуу суу булактары (Ысык-Ата, ЖылууСуу, Жарташ ж. б.) чыккан жерлер, гляциалдык жана көл комплекстери кошо кездешкен уникалдуу тоо ландшафты, рельефтин түрдүү формалары менен типтери, ийне жалбырактуу, арча жана тугай токойлору (Ала-Арча, Беш-Таш, Кегети, Кемин, Талас, Шамшы ж. б.) сыяктуу табигый комплекстерин корукка алууну жана сарамжалдуулук менен пайдаланууну талап кылат.

Түндүк Теңир-тоо 3 округга бөлүнөт: Талас, Кыргыз АлаТоосунун түндүк капталы жана Кемин. T а л а с округуна Талас өрөөнү, Талас суусун бойлото кеткен жапыз кырка тоолор, Талас жана Кыргыз Ала-Тоолорунун тоо аралык өрөөндү караган капталдары кирет. Бул тоо-өрөөндүү табигый комплекстин борбордук бөлүгүн неоген-палеоген менен антропогендин чөкмө тектеринин калың катмарынан турган Талас өрөөнуээлейт. Анын таманы 800 мден (батышында) 1700 мге (чыгышында) чейинки бийиктикте жатат. Өрөөндүн рельефи түздүктүү, дөбө-дөңсөөлүү, тилмеленген. Климаты континенттик, кургак. Жылдык жаан-чачыны 200-400 мм. Өрөөндүн күңүрт боз жана бозомук конур топурактуу шыбак-эфемердүү жарым чөлү менен шыбак-тулаңдуу талаасын дан эгин (бардык айдоо аянтынын 50%тен көбүрөөгү), тоют (айдоо аянтынын '/Зине жакыны), тех. (тамеки), жашылча-жемиш ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрү ээлейт. Өрөөн Талас суусу жана анын көптөгөн куймалары, каналдар менен сугарылат. Талас суусунун жылдык орт. чыгымы 26 мя/сек. Анда ири суу сактагыч курулган. Суу бойлой тугай өсөт. Талас Ала-Тоосунда тоолуу талаа менен шалбаалуу талаа ландшафттарынын түрдүү типтери бар; жайыт катары пайдаланылат. Карагай, көк карагайлуу токой өсөт, арча сейрек кездешет. Нивалдык-гляциалдык зона 34003600 ладен жогору жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталдарында жана Талас суусун бойлото кеткен жапыз тоолордо негизинен каксоо ландшафттар (таш-шагылдуу, бадалдуу чөл, кургак талаа жана тоо беттериндеги жапалак арчалуу жерлер, жылаңач аскалар, шагылдар) басымдуу. Талаа ландшафты менен чөлдүн бир бөлүгү жазгы жана кышкы жайыт катары пай-, даланылат. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталы округу провинциянын борбордук бөлүгүн (Ашмара суусу менен Чүй дарыянын аралыгын) ээлейт.

Кыргыз Ала-Тоосу - кембрийге чейинки мегилдеги байыркы жана палеозойдун башталышындагы магма жана метаморфизмделген тоо тектерден түзүлгөн ири антиклинорий. Чүй өрөөнүнүн таманынан 3-3,5 кмте көтөрүлөт (Аламүдүн чокусу, 4895 м). Кырка тоонун уз. 450 км, асимметриялык түзүлүштө. Анын түндүк капталдары узун (жазылыгы 30-40 км), тектирлүү, кууш жана терең капчыгайлары көп. Too этегинде жарыш жапыз дөңсөөлөрдүн (12001000 м) зонасы жайгашкан. Алар анча чоң эмес өрөөндөрдүн системасы менен бөлүнгөн. Тоолордун климаты бийиктик алкактуулукка байланыштуу. Орто бийик тоо зоналарына жаан-чачын арбын (580-760 мм) жаайт. Кыргыз АлаТоосу табигый ресурстарга бай. Сууларынын жалпы чыгымы 88,5 м3/сек\ Чүй өрөөнүн сугарууда алардын мааниси чоң. Тоолордо татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн 1400дөн ашуун түрү кездешет. Too этегиндеги жапыз тоолуу талаа зонасынан (1000-1100 леден 1600-1800 мге чейин) тартып, бийик тоолуу альп шалбаасы жаткан алкакка чейинки (3000-3300 жге чейин) бардык бийиктик зоналарда жайыт жана чабынды жерлер бар. Шалбаа, карагай-арчалуу токой, шалбаалуу талаа жана талаа жайгашкан орто бийиктиктеги тоо алкагынын ным сактоодо жана рекреацияда мааниси чоң. Нивалдык-глядиалдык зонада (3600 лгден жогорку) нымдын тоң абалдагы запасы мол (фирн талаалары менен мөңгүлөрдүн аянты 470 км2). Минералдуу жана жылуу суу булактары эл чарбасында жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо максатында пайдаланылат. Ири өнөр жай борборлоруна жакын жайгашкан, жагымдуу табигый шарттары (жайы мелүүн-жылуу, кышы жумшак, дайыма кар жаткан, рельефтин түрдүү типтери, уникалдуу табигый комплекстери) бар. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталы келечекте курорттук-рекреациялык жактан өздөштүрүүгө ыңгайлуу.

Провинциянын чыгыш бөлүгүндө Кеминтооөрөөндүү комплекси(округу) жайгашкан. Буга Чоң Кемин өрөөну, Кичи Кемин өрөөну жана Күнгөй, Иле Ала-Тоолорунун ал өрөөндөрдү курчап турган, түштүк-батышты карай созулган тармактары кирет. Аймактын борбордук бөлүгүндө терең капчыгай аркылуу Чоң Кемин суусу жана анын көптөгөн куймалары агат. Анын жылдык орт. чыгымы (21,7 м3/сек), агымынын модулу (11,5 м3/сек км2) суу чогултуучу аянтынын кыйла нымдуулугун (жылдык жаанчачыны 400-700 мм) айгинелейт. Тоолуу бө лүгүндө талаа, токой-шалбаалуу талаа жана шалбаалуу талаа басымдуу; жайыт катары пайдаланылат. Түздүктөр менен тоо этегиндеги кургакчыл талаа зонасын сугат жана кайрак жерлер ээлейт.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4