Кемирчек тикен (лат. Cirsium (Sievers) С.А. Меу) – татаал гүлдүүлөр тукумунун тикен уруусундагы өсүмдүк. Көп жылдык чөп, чачы тамырлуу, сабагы жана тамыр сабагы эң кыска, кээде бийикт. 30-40 см. Тамыр моюнчасындагы жалбырактары жерге төшөлүп өсөт, уз. 5-20 см, туурасы 1-7 см, каштай, четтери канатай оюктуу, тикенчелүү. Гүлү ак, кээде кочкул кызыл. Себетинин орооч жалбыракчасынын учу тикендүү, четтери кирпикчелүү. Уругу жылмакай, бозомтук же күрөң. Түндүк Монголия, Кытай, Сибирде, Борбордук Азияда кездешет. Кыргызстанда өрөөндөн тоонун альпы алкагына чейинки бардык райондо кеңири таралган. Көл, өзөн боюндагы шалбаарда, саздак жерде өсөт. Тамыр-сабагы желет. Жаш жалбырактарын мал оттойт.

Cirsium vulgare.

Колдонулган адабияттар түзөтүү