Кендүү Алтай – Алтай тоолорунун полиметалл кендүү түштүк-батыш бөлүгү. Узундугу 400 кмден ашык. Кендүү Алтайга Уба, Колывань, Калба кырка тоолору жана Тигирецкий, Иванов, Холзун Ульба тоолорунун тармактары кирет. Орто бийик тоо (бийиктиги 2776 мге чейин), батышына жапыз тоо рельефи мүнөздүү. Кен таш тулкусу текши жайгашкан жана чачыранды кендерден турат. Кен 2 тилкеге бөлүнөт: жез, коргошун, цинк кен таштары (Орлов, Золототушинский, Николаев, Белоусовка, Берёзовка ж. б. кендер) жана коргошун-цинк кен таштары (Рубцовский, Степной, Таловский, Средняя, Заречье, Гусляков, Лениногорск, Тушинский, Зыряновский ж. б.). Кендүү Алтайды көбүнчө Чыгыш Казакстан облусунун аймагына кошот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү