Кен
Кен – минералдык заттардын жер бетиндеги же анын түпкүрүндөгү көлөмү, сапаты, жайгашуу шарты боюнча өнөр жайлык мааниге ээ болгон табигый чогундусу. Курамындагы минералдык заттар газ (гелий, неон, аргон, криптон жана башка), суюк (жер астындагы суу, нефть жана башка), катуу (минералдар менен тоо тектери жана башка) абалында кездешет. Казып алына турган заттар өнөр жайлык мааниге ээ болсо, өнөр жайлык кен деп аталат. Өнөр жайлык мааниси жок, анчалык чоң эмес, аз сандагы түрлөрү кен таш пайда болгон жер же кен таш нокоту делет. Өнөр жайлык мааниге ээ болгон кендер запасы боюнча ири, Орточо, кичине түрлөргө бөлүнөт. Жаратылышта пайда болуу шартына жараша экзоген, эндоген, метаморфоген кендеринен турат. Экзоген кендери (седиментогендүү же үстүнкү) жер үстүндө же жер кыртышынын үстүнкү бетинде минерал заттардын механикалык, химиялык, биохимиялык жол менен талкаланышынан келип чыккан.
Үч түргө бөлүнөт: 1) талкаланды кендер; 2) чачыранды кендер; 3) чөкмө кендер. Эндоген кендер (магматогендүү же тереңдиктеги) магмадан жана магма көтөрүлүп келатканда жолунда жолуккан тектердин өзгөрүшүнөн пайда болот. Өзгөрүүдө тереңдиктеги өтө жогорку температура менен күчтүү басым таасирин тийгизет. Интрузивдүү тектер менен тыгыз байланышат.
Өз ичинен 5 топко бөлүнөт: а) магма кендери, б) пегматит кендери, в) карбонатит кендери, г) скарн кендери, д) гидротермдик кендер. Метаморфоген кендери тоо тектеринин күчтүү өзгөрүлгөн (метаморфизм процессинен) келип чыгат. Пайда болуу мезгили боюнча архей, протерозой, палеозой, мезозой, кайнозой заманындагы кендерге, орун алган жерине жараша геосинклиналдуу бүктөлүү жана платформалуу аймактардагы кендерге бөлүнөт. Кен пайда болуу 4 деңгээлден турат: 1) үстүнкү деңгээл (1–1,5 км тереңдикке чейин); 2) гипабиссалдык деңгээл (1–5 км), 3) абиссалдык деңгээл (3–5 кмден 10–15 км чейин); 4) ультрабиссалдык деңгээл (10–15 кмден терең). Кен химиялык элементтердин санына, географиялык шартка, кен таштагы өтө керектүү заттарды ылгап бөлүү ыңгайына жараша казылып алынат. Өндүрүп алынуучу ар бир металл үчүн өнөр жайлык мерчем колдонулат. Мында кен ташта металлдын өтө аз саны, начар сапаты, казып алуу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Темирдин мерчеми 16%, алтындыкы 0,2 г/тоннага барабар. Кендин өнөр жайлык мааниси анын запасына жараша бааланат. Запасы мол болсо, кен таштагы металлдын санына карабай эле казып ала берет. ошондой эле казылып алына турган металлдын эл чарбасындагы мааниси, сейрек кездешүүсү эске алынат. Кыргызстандын аймагында кендин бардык түрү кездешет. Алардын эң ирилерине Кадамжай, Айдаркен (гидротермдик) сурьма-сымап, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кара-Кече көмүр кендери, Жетим темир бассейни, Кум-Төр алтын кени жана башкалар кирет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9