КербелаИрактын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кербела мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Шаар аркылуу Багдад жана Меккени байланыштыруучу жол өтөт. Мусулманшейиттердин ыйык шаары жана зыярат кылуучу жайы. Калкы 498,3 миң (2008). Ашур майрамы мезгилинде калкы 3 млнго чейин жетет (негизинен Ирандан келген зыяратчылардын эсебинен). Ири соода-жол тоому. Тамак-аш (кант, жашылча консервалары), жеңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент өнөр-жай ишканалары иштейт. Кол-өнөрчүлүк (негизинен диний буюмдар) өнүккөн. Кербелада 100дөн ашык мечит, 23 медресе, университет бар.

Кербела (1975).

Кербела 7-кылымда негизделген. Бул шаарда Мухаммед пайгамбардын небереси Кусейиндин күмбөзү (680-ж. ушул жерде өлтүрүлгөн), орто кылымдын архитектура эстеликтеринен имам Кусейиндин мавзолейи (мечит медресеси жана; 1991-ж. шейиттер, 2000-жылдын ортосунда террористтер тарабынан катуу талкаланып, кийинчерээк калыбына келтирилген), Аббас мечит-мавзолейи, акын Физулинин күмбөзү, шаардын айланасында Омейяддардын сарай-капкасынын урандылары сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү