Кербен баатыр
Кербен - кырк чоронун бири. Шыңгынын уулу. Манаска алты кандан барган элчилерди тосуп чыккандыгы, аскердин башчысы болгон он чоронун бири Кербен экендиги айтылат. Манас үйлөнгөндө ат чаап жар тандоо маалында Октору тулпары менен отузунчу келип, Серсабакка үйлөнөт.
Адабият
түзөтүү- Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы. “Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек, 1995.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|