Кербен ("Манас"эпосунун кейипкер)

Кербен ("Манас"эпосунун кейипкер) — кырк чоронун бири. Шыңгынын уулу. Манаска алты кандан барган элчилерди тосуп чыккандагы аскердин башчысы болгон он чоронун бири К. экендиги айтылат. Башка учурларда чоролордун катарында саналып өтүлөт. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо Октору аты отузунчу келип, К. тагдырына буюрган Серсабакка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 328, 426; 3. 50, 176; 4. 25, 44).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4