Кергелен-Гауссберг
Кергелен-Гауссберг, Кергелен – Инди океандын түштүгүндөгү суу астындагы кырка тоо. Антарктидага жакын, Африка-Антарктида жана Австралия-Антарктида чуңкурдуктарынын аралыгында 2600 кмге созулуп жатат. Жазылыгы 950 кмге чейин. Океандын бетинен кырка тоонун кырына чейинки басымдуулук кылган тереңдиги 1000–2000 м. Кырка тоонун чокулары суудан чыгып, аралдарды пайда кылат; алардын эң ирилери – Кергелен, Херд. Кергелен-Гауссберг океан түбүнөн келки көтөрүлүп, айрым жерлерине жанартоо формалары мүнөздүү. Негизинен базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Кырка тоодогу жанартоо палеогенден баштап аракетте. Кырка тоону 1929–31-жылдары Д. Моусон баштаган Австралия экспедициясы ачкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9