Жыгачтан төрт чарчы же тегерек кылып жасалып бетине сайма сайылчу жердик кериле турган алкак. Ал төрт кыр жана жумуру жыгачтардан болот. Бирине-бири кийгизиле тургандай сырткысы чоңураак, ичкиси кичирээк эки алкактан да жасалып, алкактын ортосуна кездеме кысылып бекитилет. Чоң кергич (40x75 см) бир гана жыгачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып бекитилет. Сайма кездеменин керилген бөлүгүнө түшүрүлгөндөн кийин анын четиндеги чыраш сөгүлүп, улам жылыштырылып, кайра жөрмөлүп, бекитилип турат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)