Өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни «үзүк боо», «жабык баш боо», «туурдук боо» өңдүүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет.

Кереге чалгычка «чатыраш» деген көчөттү согуу үчүн үстүңкү жип (19+19) астыңкы тал жип да (19—19) болот. Өрмөктүн четиндеги төрт кара жип терүүгө-чалууга кирбейт. Дагы төрт тал кызыл жип «чычкан изи» (ала мончок) болуп түшөт. Эми терүүгө түшүүчү ошол 19 жипти гана алабыз. Алар кара жана ак жиптен болсо адегенде үстүнөн он ак жип, анан эки кара жип териле баштайт. Анан беш ак, алты кара, сегиз ак, кайра беш кара, андан соң ак жиптин баары терилет. Эми тогуз кара, эки ак жип, тогуз кара, жети ак, алты кара, жети ак жип терилет да, кайра жети кара, алты ак — ушулар төп жана так терилери менен көркөм көчөттүн жарымы пайда болот. Ошондо жогорудагыдай терүү-чалуу дал өзүндөй кайрадан кайталанат.

Терменин кара — ак аркылуу согулушу аттын кашкасындай ачыктыкты көрсөтөт. Ошондой эле кызыл-көк көчөт түшүрүүдө элдик наркка эгедер көк жиптен үчөө, кызыл жиптен үчөө түшөт, көк жиптен төртөө келгенде кызыл жип илинбей калат. Көк жиптен кайра бешөө түшөт. Мына ушундай ыкма менен кереге чалгыч үчүн «жарым бадам» көчөтү пайда болот. Мунун эки четинде эки талдан төрт кара жип терилбей ошол бойдон түшөт. «Кереге чалгычтын» чети кара-көктөн болуп, 27—30 жуп тал жиптин ортосундагы кызылы экиден бир күзүктөлүп, өрмөккө аркак салынып эле жөнөкөй согулат. Үзүк боо, туурдук боо, жабык баш боолорго деле муну пайдаланса болот.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)