ӨРМӨК СОГУУЧУЛУК (өрмөкчүлүк) — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бул — өрмөк аркылуу ийрилген жиптен турмуш-тиричиликке ылайыкташкан ар кандай буюмдарды жасоо ыкмасы. Албетте, мал чарбачылыктуу кыргыздын көркөм өнөрүндө чыйратылган жиптен түрдөнтүп таар согуп, андан буюм жасоо аракеттери да укмуштай өнүгөт. Согулган таардын эң жөнөкөй түрүн «кара таар» дейт. Бул эришине аркак жипти жүгүртүү менен эле жүзөгө ашат. Таарга кооздук берүү жүгүртүлгөн жиптин ар түрдүүлөп күзүктөлүшүнө байланышат. Өрмөк менен бүткөн буюмдардын көлөмдүүсүнө жана адимисине жерге төшөлүүчү, дубалга тартылуучу «шалча» кирет. Боз үйдүн ички жасалгасы жана сызма — боочуларына «тегирич», «уук тизгич», «кереге чалгыч», «үзүк боо», «туурдук боо», «жел боо», «кереге таңгыч», «саканак таңгыч», өңдүүлөр кирет. Үй буюмдары: «кап», «куржун», «ат жабуу», «такта жабуу», «көпчүк», «ээрге салгыч», «баштык, «жембаштык» жана таар кийим-кечелер да бүткөрүлгөн.

Таар кооздолуп да, кооздолбой да согулат. Анын көркөм түрү «терме» («кара терме»), «кажары» (букары) терме жана «беш кеште» деп бөлүнөт. Таардын мындай түрлөрүн кыргыз жергесинин бардык аймактарынан жолуктурабыз. Ал эми Түштүк Кыргызстанда Талас, областысынын айрым жерлеринде «кажары» (букары), «беш кеште» согуу ыкмасы мүнөздүү болсо, кара терме Ысык Көл», Нарын тарапта мыкты өнүгөт.
Өрмөк согуучулук элибиздин мал чарбачылыгына тыгыз байланышып, байыртан берки көркөм кол өнөрчүлүктүн кооз түрүнө киргендиктен мындан таар согуу ыкмаларында элдик аймак боюнча айырмачылыктар бар.
Таар буюмдарынын татаал жана кооз түрлөрүн жаратууда чеберлер элдик оймочулардай жекече чыгармачылыктагы «кыял» чабыты менен «фантазиясына» анча чоң маани беришпеген. Албетте, түр түшүрүп, өрмөк согуу көркөм өнөрдүн бөлөк тармактарына караганда баш катырма жагдайы да баамдалат. Мында башка уздардай «оюм-чийим» чыгармачылыкта анча колдонулбайт. Айткандай, дароо көкүрөккө жаттап, тал жиптердин бири-бири менен чаташтырбай, көчөттү дапдаана берүүсү аркылуу гана өрмөкчүлүк өнөрү баамдалат.

Кыргызда «кыйначу адамыңа өрмөк соктур же төө кайтарт» — деген кеп бар. Ушундай татаал аракеттен улам ушул сөз чыкканы көрүнүп турат. Таң аткандан баштап (өрмөк адатта, ак жайда, узун күндө курулат) күрөң күүгүмгө чейин какайып, өрмөкчүлөр өрмөк үстүндө отурушат. Ошондой түйшүк аркылуу көз алдында кулпунган адими буюмду бир колдон чыгаруу бир гана биздин элибизден чыккан уздарга таандыктай сезилет. Буга жеринен кутмандуу кыргыздын кыз-келиндери баштарын тигип коюп, түк жаземдебей, чарчабай-чаалыкпай баса отурушкан.

Өрмөкчүлүктө «кило» дегендин ордуна «түйдөк жип», «түрмөк жип» деген өлчөм колдонулат. Түрмөк ар кандай көлөмдө келет. Орточо түрмөктө төрт-беш ийик жип болот. Жипти жоон ийирсе, андан шалча, кап, куржун өңдүү таар согулат. Ал эми төө чепкендин, үртүктүн, ат жабуунун жибин ийрүүдө, албетте, кылдаттык керек. Буларга таңдай түшүрүлө согулат. Ат жабууда терме көчөттөр түшүрүлөт.

Өрмөкчүлүктө оболу күзүктөлгөн ар бир тал жиптин эсеби тапатак алынат. Аны чеберлер жадыбалдай жатка билишет. Ошондо канча кг жүн, канча түйдөк жип кетээринен алар жаңылбайт. Кайсы өңдү чалганда кандай түр менен кетээри өрмөкчүлүктө айдан ачык билинет. Ал эми өрмөктү адеп курган кезде анын күзүгүн кармаганда да жиптин ар бир талынан жаземделбейт.

«Терип-согуу» өрмөктөгү жиптердин талын санап, эриш-аркакты айкалыштырын өткөрүү аркылуу таар буюмуна бир кооздукту (көркөм көчөттү) түшүрүү дегендик. Терип-согуунун татаал ыкмасы түрдүү жиптерден турган эришке байланышат. Кээде өрмөкчүлүктө эки түр менен эле терип соксо, жети-сегиз өңдөгү жипти бир учурда чаташтырбай кармоо ыкмалары да бар.

Азыр атайын боз үй көтөрүүгө байланыштуу өрмөкчүлүк жергебизде өнүгүүдө. Өрмөктө так эсеп керек. Өрмөкчү өрмөккө олтуруудан мурун ага түшүрүүчү көркөм көчөттөргө атайын ой толгоо жүргүзүп, тере турган түрдү алдын-ала элестете алат. Берилүүчү кооздукту так билбей, өрмөк башталгандан бүткөнгө чейин тал кайра-кайра курулай эле санай берүү өрмөкчүлүктүн табиятына сыйбайт. Мурунтан арбын согулуп, таанымал болгон эл ичиндеги эски көчөттөрдүн кандайын көрбөсүн карап отуруп, аны жазбай баштап кетүү өрмөкчүлүктүн наркы болот. Ал эми кагазга гана түшкөн ар кандай жаңы көркөм көчөттөрдү жаземдебей шыр терип согуп кетүүгө өнөрдүн салттуу жөрөлгөсү керек. Терип-согууда өрмөктү так күзүктөө зарыл.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)