Керектөөнүн кейнстик функциясы

Керектөөнүн кейнстик функциясы. Кейнс теориясы керектөө, аманат, инвестициялар функциясы сыяктуу көрсөткүчтөр менен иш жүргүзөт.

Белгилүү болгондой, жеке колдогу киреше керектөөгө жана аманатка бөлүштүрүлөт. Керектөө - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу процесси. Бул өлкөнүн реалдуу сатып алуу жарамдуулугунун көрсөткүчү. Түпкү керектөөнү жана аралык керектөөнү айырмалашат. Түпкү керектөө - товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр керектөө менен жок болгон кездеги түпкү пайдалануу процесси. Аралык керектөө - өндүрүштүн башка стадиясынын эмгек куралы катары өндүрүштүн бир стадиясынын эмгек продуктусун пайдалануу.

Керектөө функциясы (С) талдоо жагынан төмөнкүдөй түрдөгү теңдеме менен сүрөттөлөт: С = a + в . Ү, мында: a - автономиялык керектөө (Ү=0 учурунда), в - керектөө функциясынын ийри сызыгынын жантайышы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9