Керимбаев Сүйүн (1915-жылы т., Чүй облусу, Сокулук району, Кызылтуу айылы) – тарых илиминин доктору (1984).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
1935-жылы Бишкектеги педагогикалык техникумду бүтүрүп, ошол эле жерде мугалим болуп иштеген.
1941-жылы Ленинград мамлекет университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–56-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын улуттук маданий, кийин тарых музейинин директору болуп иштеген.
1957–70-жылы Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда совет доору секторун жетектеген. 1970-жылдан илимий кызматкер.

Жетишкендиктери түзөтүү

Эмгектери Кыргызстандын тарыхынын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине арналган, ошондой эле Кыргыз тарыхынын бардык томдоруна автор жана 2–3-басылыштын редакциялык коллегиясынын мүчөсү.
90дон ашуун (анын ичинде 3 монография) илимий эмгектин автору.

Сыйлыктары түзөтүү

Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз Республиканын илим жана техника боюнча мамлекет сыйлыгынын лауреаты (1970).

Колдонулган адабияттар түзөтүү