Керимбаев Сүйүн (1915-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Кызылтуу айылы) – тарых илимдеринин доктору (1984). Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1935-жылы Бишкектеги педегогикалык техникумду бүтүрүп, ошол эле жерде мугалим болуп иштеген. 1941-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–1956-жылдары СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын улуттук маданий, кийин тарых музейинин директору болуп иштеген. 1957–1970-жылдары Кыргызстан Илимдер Академиясынын Тарых институнда совет доору секторун жетектеген. 1970-жылдан илимий кызматкер. Эмгектери Кыргызстандын тарыхынын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине арналган, ошондой эле Кыргыз тарыхынын бардык томдоруна автор жана 2–3-басылыштын редакциялык коллегиясынын мүчөсү. 90дон ашуун (адабий илимдин, 3 монография) илимий эмгектин автору. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970-жылы)




Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.