Кермектер (лат. Plumbaginaceae) – майда жана чала бадалдар, көп же бир жылдык чөптөр. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, алар тегиз жээктүү, сүйрү же тасмадай, кээде ичке, тикендей (к. Төө таман), чанда эле канаттай тилкелүү. Гүлү туура түзүлүштүү, эки жыныстуу, чөйчөкчөсү 5-10, өсүмдүк бышып жетилгенде деле күбүлүп түшпөйт, бири-бири менен биригип, 5-10 бөлүктүү түтүкчөнү түзөт, көбүнчөсү мала же күлгүн кызыл. Желекчелери 5, өз-өзүнчө болуп, биригип өспөйт, кээде түп жагы эле түтүкчөдөй. Аталыгы – 5, үстүңкү энеликтүү, ал беш мамычалуу, тоголок чаң алгычтуу. Мөмөсү – бир уруктуу, капкакчалуу кутуча. Желекчелери күлгүн, мала, кочкул кызыл, сары же ак. Топ гүлү машакчадай, шыпыргыдай, чанда тоголок, алар жалбыраксыз, узун сабакка чогулган. К-тин 15 уруусу 500 түрү Түнд. Жарым шардын тропик эмес бөлүгүндө негизинен Евразия Жер ортолук деңиз аймагында кездешет.

Plumbago europaea.

Кыргызстанда К-тин 4 уруусунун 40тан ашуун түрү чала чөлдө, кургак боздөңдө, таштактуу адырда, кээде шорлуу такырда өсөт. Айрым түрлөрүнүн (Гмелин кермеги, миңгүлдүү К., кулак жалбырактуу К.) тамырында 10-25 % таннид заты болгондуктан ашаткыч катары колдонушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү