Төө таман (лат. Acantholimon) – өсүмдүктөрдүн кермектер тукумунун уруусу. Формасы жаздыктай, жарым томолок, четки сабактары жерге төшөлүп өскөн бадалча. Жалбырагы ичке, тикен учтуу, формасы үч кырдуу сызгычтай, цилиндрдей, ийнедей, кээде жалпак шибегедей. Мала же кочкул кызыл гүлдөрү шыпыргыдай татаал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уялуу кутуча. Жер жүзүндө 150дөй түрү чөлдө, жарым чөлдө, чанда кургак боздоңдо кездешет. Негизинен адырда, жапыз тоолордун таштак, күңгөй бетинде өсөт. Т. т. тикенектүү болгондуктан төөлөргө гана тоют катары маанилүү. Кыргызстанда Т. т-дын 23 түрү белгилүү.

Acantholimon glumaceum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү