Керме арканда басуу
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: дарактуу жер. Оюнда аркан колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар эки дарактын ортосуна аркан тартышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден керме арканга чыгышып, буттарында, тең салмагын жоготпой басууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой керме арканда баскан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүКерме арканга жакын турууга, жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга, тең салмагын жоготкондон кийин, кайрадан кезексиз аракетин улантууга, бир убакытты бирден көп оюнчуга керме, арканда басууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюн өткөрүлүүчү жерде башка буюмдар болбошу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюн чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга үйрөтөт.