Керме арканда жатып кайра турмай

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн дарактуу жерде өткөрүлөт.

Оюнда аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар эки дарактын ортосуна аркан тартышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден керме арканда турушуп, чалкасынан жатышып кайра буттарына турууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой керме арканда жатып кайра буттарына турган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Эшек жыгачта жатып кайра туруу, баканда жатып кайра турмай, артта жатып кайра турмай, эшекте кайра турмай.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Керме арканга жакын турууга, жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга, тең салмагын жоготкондон кийин, кайрадан кезексиз аракетин улантууга, бир убакытка бирден ашык оюнчуларга керме арканда турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жерде башка буюмдар болбошу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү