Керме арканда отуруп кайра туруу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн дарактуу жерде өткөрүлөт. Оюнда колдонуучу аспап- аркан.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар эки дарактардын ортосуна аркан тартышып андан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден керме арканда. отурушуп, буттарына турушуп кайра отурууга аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой, керме арканда отуруп кайра турган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Эшек жыгачка отуруп кайра туруу, баканда отуруп кайра туруу, атта отуруп кайра туруу, эшекте отуруп кайра туруу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Керме арканга жакын турууга, бир бирине жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга, тең салмагын жоготкондон кийин, кайрадан аракетин кезексиз улантууга, бир убакытта бирден ашык оюнчуларга керме арканда турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жерде башка буюмдар болбошу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүк, тең салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү