Керме арканда селкинчек тебүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн дарактуу жерде өткөрүлөт.

Оюнда аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар эки дарактардын ортосуна аркан тартышкандан кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден эки дарактардын ортосуна тартылган арканга отурушуп, колдору менен арканды эки капталдар жагынан кармашып, буттарын жерден көтөрүшүп, шилтешип селкинчек тебүүгө аракеттенишет, Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Селкинчек тебип жаткан оюнчуга жакындоого, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жерде башка буюмдар болбошу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү