Дүйшөбаев Кеңешбек Асанбекович (8. 7. 1957-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Боролдой айылы) – милициянын генерал-майору (1997). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1978), СССР ИИМдин академиясын (1987) бүтүргөн. 1978-ж. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 1979–85-ж. Кыргыз ССР ИИМдин тергөө башкармалыгында тергөөчү, улук тергөөчү, 1987–93-ж. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1993–97-ж. Ысык-Көл шаардык, р-ндук ички иштер бөлү мдөрүнүн начальниги, 1997–2000-ж. КР ИИМдин Башкы шта бынын начальниги, 2000–01-ж. КРдин Улут тук коопсуздук министрлигинин Ош обл. боюнча башкармалыгынын начальниги, 2001–02-ж. КР ИИМдин орун басары, министрдин милдетин аткаруучу, 2002–04-жана башкаишкек ш-дык ички иштер башкармалыгынын начальниги, КР ИИМдин министринин орун басары, 2005-жылдын 23–25-мартында КР ИИМдин министри болуп иштеген. Милициянын отличниги. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1