Кеңкол ТоосуФергана тоо тизмегинде, Исфанжайлоо тоосунун чыгышында. Карүңкүр жана Карасуу (чыгыш) сууларынын алабында жайгашкан. Базар-Коргон районунун аймагында. Түндүк-батыштан түштүк чыгышка карай 26 кмге созулат. Туурасы 5 км орточо бийиктиги 3400 м, эң бийик жери 3754 м. Тоонун түндүк капталы кыска, Карасуу (чыгыш) өрөөнүндө кыска кокту-колоттор менен тик түшөт. Түштүк капталы жазыраак келип,чыгыш тарабында гана тик, терең өрөөн, капчыгайлуу. Кыры батышында тайпак, чыгышында аска, мөңгүлүү. Тоо силур менен девондун туф, порфирит, сланец, акиташ тектеринен турат. Түштүк капталына (3000м бийиктикке чейин)жаңгак-жемиш токойлуу шалбаа,Түндүгүнө шалбаалуу талаа жана бийик чөптүү шалбаа, 3500 мге чейин субальп жана альп шалбаасы, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт, айрым жерлери чабынды.