Кең-Төр мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги эң ири мөңгү. Норуз суусунун алабынан орун алган. Узундугу 6,5 км, аянты 10,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляциясынын аянты 6,2 км2. Куралуу облусу 4 циркте жайгашкан. «Тилинин» 2,9 км2дей жери калың морена катмары жана капталган. Мөңгүдөн Норуздун негизги курамы – Кең-Төр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү