Норуз суусу
Норуз суусу, Норус – Чүйдүн сол куймасы. Узундугу 34 км (Чоң Чүй каналына кошулганга чейин), алабынын аянты 196 км², деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 4522 м. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы кууш колоттон Чолоктөр деген ат менен башталат. Ортоңку бөлүгүндө Кум-Бел аталып жазыраак өрөөн менен агат. Төмөнкү бөлүгү Норуз аталып, кууш босого аркылуу Чүй өрөөнүнө чыгат. Жылдык орточо чыгымы 1,20 м3/сек; эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка кеңири пайдалангандыктан Чүйгө жетпейт. Боюнда Жерказар, Төмөнкү Норус, Кайырма жана башка кыштактар жайгашкан.
Норуз суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 34 км |
бассейндин аянты | 196 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Чүй |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Адабият
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2