Эки куда катташкан убактарда кийилүүчү кийим. Илгертен келе жаткан сый. Кызын берип жаткан кишилерге ыраазылык билдирүү, алардын көңүлүн алуу, жөн эле жарашпаган бир майда-чүйдө кийим-кече менен эмес, алардын бойлоруна чак, купулуна толорлук кийим тигилген.

Ырас, кыздын ата-энеси да жооп ирээтинде уулдун ата-энесине кийим кылышат.

Кийит даярдоо — узчулукту билдирет. Кийитке ичик, чепкен, чапан, кемсел, бешмант, тебетей, калпак, кош этек өңдүү элдик кийимдер кирген да, алар куда-сөөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша атайын арналып тигилген. Кымбат баалуу кийим «баш кийит» делген. Ал кан куда-кудагыйларга, аксакалдарга кийгизилген. Кийит үчүн эндей кездемелерди да коюшкан. Азыр даяр кийим-кечектерди сатып алууга бөтөнчө көңүл бөлүнүүдө.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)