«Ким учту» - тестиер жана өспүрүм балдардын тамаша оюуну. Топтошуп отургандардан башчылык кылган бала топтун четине чыгат да, көзүнө көрүнгөн, кулагына угулган нерсенин баарын жарыя айта берет. Мисалы, ким учту, карга учту; ким учту, дарак учту; ким учту, үстөл учту жана башкалар. Олтургандардан учпай турган нерсеге кол көтөрүп, канаттуулар аталса, кол көтөрбөй калуучулар да болот. Жаңылгандар ортого топтошуп , жалпы ырдап, бийлеп элди күлдүрүү, кызыктуу окуяны айтып беришип жаза тартышат. Бул оюн кыш мезгилинин узун түндөрүндө ойнолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү