Кинг - СССР киносундагы таанымал айбанат-актёрлордун бири – арстан Кинг. Баку шаарындагы Лев Берборов аттуу киши энеси асырабай койгон оорукчан арстандын күчүгүн багып алат. Кинг Берборовдун кадимки эле шаар ичиндеги көп кабаттуу үйдөгү батиринде чоӊоёт. 1973-жылы СССР менен Италия өлкөсү "Италиялыктардын Орусияда болгон укмуштуу окуясы" («ru:Невероятные приключения итальянцев в России») аттуу биргелешкен тасмага Кингди тартышкан. Тартуу иштери толук аяктай электе трагедиялуу окуя катталат. Жай мезгили болгондуктан Кинг менен кожоюну съёмка учурунда мектептин короосундагы үйдө жашап жатышкан. Күндөрдүн биринде бир жигит мектептин короосуна тосмодон ашып түшкөндө Кинг ага чуркап келип ойной баштайт. Аны жолдон өтүп бараткан милиция кызматкери көрүп калып, адамга кол салып жатат деп ойлоп атып салган.

Кинг
Түрү:

Арстан

Жынысы:

Эркек

Туулган датасы:

1967 жыл(1967)

Туулган жери:

Бакин зоопаркы

Каза болгон датасы:

25 -июль 1973(1973-07-25)

Каза болгон жери:

Калып:Өлкө желеги/Москва Москва шаары, Мосфильмовская көчөсү

Өлкө:

СССР желеги СССР

Кожоюну:

Лев Берборов

Жумуш түрү:

Актёр

IMDb:

ID 2908355

Шилтемелер түзөтүү