Кино тартуучу аппарат, кинокамера — кинотасмага тартылуучу объектилердин бир катар ырааттуу сүрөттөлүшүн тартуучу оптика-механикалык жабдык. Ал 70 мм кинотасмага кең форматтуу кино; 35 мм кинотасмага жөнөкөй, кең экрандуу кино; 16 мм кинотасмага телекөрсөткүчтүк, окуу жана илимий кино; 8 мм (2×8 мм) кинотасмага кино тартуучу болуп айырмаланат. Кино тартуучу аппараттын негизги оптикалык бөлүктөрүн: кинотасманын жарык сезгич катмарында сүрөттөлүштү тартуучу объектив, жана аны байкоочу кадрдын чектерин тандоочу визирдик система (визир-лупа) түзөт. Кино тартуучу аппаратта жарык нуру обтюратордун жардамы менен визирге же кадрдык терезеге багытталып турат. Визир-лупа аркылуу байкалган сүрөттөлүш коллективдүү линзадан алынат. Кино тартуучу аппараттын механикалык бөлүгүн тасма (плёнка) жылдыргыч механизм, кыймыл бергич жана обтюратор түзөт. Тасма жылдыргыч механизм кинотасманы берүүчү кассетадан кабыл алуучу кассетага өткөрөт. Керүүчү тиштүү барабан кинотасманы берүүчү кассетадан бир калыпта тартып жылдырып, кино каналына берет. Секирме механизмдин негизинде кинотасма кадрдык терезенин алдынан бөлүнүп өтөт жана кино каналына жетпей илмектерди пайда кылып, механизмдин тоскоолсуз иштешине шарт түзөт. Кинотасма кадр терезечесине токтогондо обтюратор ачылып, ал аркылуу берилген жарык менен объектинин сүрөтү тасмага түшүрүлөт. Кассетага берилген кинотасма, тиштүү барабан аркылуу жайлатылып кабыл алгыч кассетага түрүлөт. Кино тартуучу аппараттын кошумча жабдууларына: кең экрандуу кино тартуу үчүн анаморфоттук сап, жарык чыпкасы, жарык коргогуч бленда, маскалар (каше), тасма метражын көрсөткүч, тахометрлер кирет. Арналышы боюнча кино тартуучу аппарат кесиптик жана ышкыбоздор үчүн, конструкциясы боюнча көтөрүп жүрмө жана стационардык болуп бөлүнөт. 1990-жылдардан видеокамера сүрүп чыгара баштады.

Колдонулган адабияттар түзөтүү