Киров суу сактагычыТалас обл-ндагы Киров р-нунун аймагында. 1965-ж. курула баштап, 1975-ж. ишке киргизилген.

Суу сактагыч Талас суусунуннугунда курулган. Негизинен сугатчылыкта пайдаланып, о. ж. ишканаларын суу менен камсыз кылат. Суу агымын сезон боюнча жонго салып турат. Уз. 14 км, эң жазы жери 3 км, эн терен жери 72 м, суу толгондогу аянты 28,6 км2. Сыйымд. 550 млн м3. Талас обл-нын 142 миң га жерин, Каз-ндын айрым р-ндо- рунун 60 мин га жери сугарылат. Плотинасынын уз 258,5 м, эң бийик жери 83,7 м. Гидротех. курулушу татаал. Олкодогу контрфорс тибиндеги курулган тунгуч плотина.

Бири-бирине тутумдашкан 10 болуктон турат (ар биринин туурасы 22 м). Суу сактагыч V формасында. Жаңы ыкмаларды колдонуп, суу сактагычты курууга катышкандарга 1982-ж. СССР мамл. сыйлыгы ыйгарылган.