Китеп достору коому-Республикада китепти жана башка басма сөз чыгармаларын пропагандалоону жакшыртууга, эмгекчилерге коммунисттик тарбия берүүдө аларды активдүү пайдаланууга, китепти калк арасына таратууга коомчулукту тартууга көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн массалык коомдук уюм. 1974-жылы 21-июнда уюшулуп, азыр 4 обл., 15 шаардык жана 44 райондук бөлүмү иштейт. Коомдо 406 324 адамды бириктирген (1983-ж 1-янв.) 2672 баштапкы уюму бар. Коомго республиканын айрым граждандары, ошондой эле ишкана, мекеме, мектеп, окуу жайлары, кооперациялык, коомдук уюмдар жана чыгармачыл союздар (коллективдүү мүчөлөрү) мүчө болушат. 16 жашка толо электер, коомдун баштапкы уюмдарына караштуу жаштар секцияларына биригишет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы.