Республика (латынча: res publica, "коомдук иш" дегенди билдирет) "бийликти эл жана алардын шайланган өкүлдөрү жүргүзөт" деген башкаруу түрү. Республикаларда, өлкө бийликтин жеке кызыкчылыгы же менчиги эмес, "коомдук маселе" деп эсептелет. Республика ичиндеги бийликтин негизги позициясына демократия же демократиянын олигархия же аутократия менен аралашуу аркылуу жетишилет, тескерисинче, кандайдыр бир үй-бүлөлүк тукуму же топтор өзгөртпөйт. Азыркы републикачылдык менен ал монархияга каршы башкаруу формасына айланды, ошондуктан азыркы республикада мамлекет башчысы катары монарх жок.

Мамлекеттик бийликтин жогорку органдары же шайланышат, же жалпы улуттук өкүлчүлүк уюмдары тарабынан түзүлүшөт. Башкаруунун республикалык формасы антикалык доордо монархияга альтернатива катары түзүлгөн. Капиталисттик жана социалисттик мамилелердин өнүгүшү менен Жаңы жана Соңку жаңы мезгилде кеңири жайылган. Азыркы мамлекеттердин көбү – республика бүгүнкү күндө башкаруунун эки негизги формасы өкүм сүрүүдө – президенттик жана парламенттик. Президенттик республика президенттин колунда мамлекет башчысынын жана өкмөт башчысынын полномочиелеринин топтолушу менен мүнөздөлөт. Премьер–министр кызматы болбойт. (Аргентина, Бразилия, Мексика, АКШ ж.б.) Мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, соттук бийликтердин компетенциясы жана структурасы так бөлүштүрүлөт. Өзгөчөлүктөрү: президентти шайлоонун парламенттен тышкары түз же кыйыр шайлоо жолу; өкмөттү түзүүнүн парламенттен тышкаркы жолу жана өкмөттө парламенттин алдында жооптуулук институтунун жоктугу; өкмөттүн мүчөлөрүнүн депутаттык ишмердүүлүк менен айкалышпагандыгы; президентте парламентти таркатуу укугунун жоктугу. Бул өзгөчөлүктөр парламенттик республика менен салыштырганда өкмөттө көбүрөөк туруктуулук, ал эми парламентти – көптөгөн чыныгы полномочиелер менен камсыз кылат. Республикалык башкаруунун көбүрөөк жайылган түрү, парламенттик республика эсептелет. Ал үчүн парламенттин башчылыгынын принциби, өкмөттүн өзүнүн ишмердүүлүгүндө парламентке жооп берүүчүлүгү, премьер-министрдин кызматынын болушу мүнөздүү. Премьер-министр бир учурда өкмөт башчысы жана башкаруучу партиянын же партиялык коалициянын лидери болот. Парламенттик республиканын өкмөтү парламенттик жол менен таасирдүү партиянын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Парламенттик республика көпчүлүктүн колдоосунан ажырамайынча бийликте болот. Колдоодон ажырагандан кийин өкмөт иштен четтетилет же кезексиз парламенттик шайлоолорду дайындашат. Парламенттик республика башкаруу партиялык мүнөздө. Парламенттик республикада мамлекеттик башчы – президент парламент же анын негизинде түзүлгөн коллегия аркылуу шайланат. Ага көптөгөн формалдуу полномочиелер берилет: анын ичинде вето коюу жана парламентти таркатуу укугу. Чындыгында анын мамлекеттик бийликти иш жүзөгө ашыруудагы таасири анча чоң эмес. Себеби анын ар бир аракети парламент түзгөн өкмөттүн макулдугунан соң гана жүзөгө ашырылат. Азыркы парламенттик республикада мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликтердин юридикалык жана чыныгы компетенцияларынын келишпестиктери мүнөздүү: жогорку орган деп жарыяланган парламент өкмөттүн катуу көзөмөлөнүн астында иштейт, парламент түзгөн жана ага жооп берген өкмөт парламентти таркатуу укугуна ээ. Республикалык бийликтин аралаш формалары өзүндө президенттик жана парламенттик республиканын (Франция) же монархия менен республиканын (Малайзия) элементтерин айкалыштырат. Кыргыз Республикасындагы бийлик президенттик республикага көбүрөөк окшош келип, ошону менен бирге эле парламенттик республиканын элементтерин да өзүнө камтыйт, муну илимде жарым президенттик республика деп аташат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9