Кичи Кара-Кужур (Оттук) өрөөнү

Кичи Кара-Кужур (Оттук) өрөөнү - Ортоңку Нарын ойдуңунун түндүк тарабында, Кичи Кара-Кужур (Оттук) суусунун алабында жайгашкан. Нарын районунун аймагында. Узундугу 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2200—3000 м. Жогорку бөлүгүндө тайпак грабен өрөөнү; Ак-Таш тоосу менен Байдулу тоосунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат (узундугу 15 км); капталдары улам жогорулаган сайын (чыгышка) айдөш болуп кетет; башы жапыз кайкы аркылуу Солтон-Сары өрөөнү (Он-Арчанын алабы) менен туташат. Долон ашуусу тушта Байдулу тоосун кесип өткөн антецеденттик капчыгай (узундугу 5 км). Кара-Үңкүр айылынан төмөн өрөөн (узундугу 20 кмге жакын) бир аз кеңийт (500—600 мге чейин). Төмөн жагында (3 км аралыкта) капталдары тик, таманы кууш (100— 150 м) антецеденттик өткөөл капчыгайды пайда кылат. Андан төмөн (10 км аралыкта) тоо этегине чыгат да бир аз кеңейип (500—800 мге чейин), адырлуу тилкеге өтөт. Климаты мелүүн континенттик, январдын орточо температурасы —12°С, июлдуку 11°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм. Суулары: Оттук, Он-Арча ж. б. Негизинен талаа жана шалбаалуу талаа, бадалдуу карагай токою, субальп, альп шалбаалуу талаа, чөл ландшафты басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; төмөнкү бөлүгүндө арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөндө Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр кыштагы жайгашкан. Бишкек — Торугарт автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү