Кишемиш суусу, Баткен районуТүркстан кырка тоосунан башталган суу, Исфаранын оң курамы. Баткен районунда. Узундугу 36 км, суу чогултуучу аймагы 524 км2. Түркстан кырка тоосунун чыгыш учундагы мөңгүлөрдөн башталат. Мөңгү, кар сууларынан куралат. Май—октябрь айларында суусу кирет. Көп жылдык орточо чыгымы 3,19 м3/сек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү