Кишенден бошотулган Джанго

"Кишенден бошотулган Джанго" (англ. Django Unchained) ― 2012-жылы Квентин Тарантино тарткан жана жазган америкалык ревизионист вестерн тасмасы. Тасмага тартылгандар: Жейми Фокс, Кристоф Валц, Леонардо ДиКаприо, Керри Вашиңтон, Сэмуел Л. Жэксон. Окуясы Эски Батыш жана Америка жарандык согушка чейинки түштүктө болуп өткөн тасма 1966-жылкы италиялык Сергио Корбуччинин Франко Неро катышкан "Джанго" спагетти-вестерн тасмасынан таасир алып тартылган.

Кишенден бошотулган Джанго
Режиссеру Квентин Тарантино
Продюсер
Жазуучу Квентин Тарантино
Оператору Роберт Бриж Ричардсон
Тартылгандар
Редактору Фред Раскин
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • декабрь 11, 2012 (2012-12-11) (Ziegfeld Theatre)
  • декабрь 25, 2012 (2012-12-25) (АКШ)
Узактыгы 166 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $100 млн[2]
Киреше $425.4 млн[2]

Тасманын өнүгүүсү 2007-жылы Тарантино Сергио Корбуччи жөнүндө китеп жазып атканда башталган. 2011-жылы апрелде Тарантино "The Weinstein" компаниясына тасманын сценарийин жөнөткөн. Кастинг 2011-жылы жайында башталган жана Фокстан мурун баш каармандын ролуна Майкл К. Уиллямс жана Уилл Смит пландаштырылган. Тасманын негизги бөлүгү 2011-жылдын ноябрынан 2012-жылдын март айына чейин Калифорния, Вайомиң жана Луизианада тартылган.

Тасманын бетачары Нү-Йоркто "Ziegfeld" театрында 2012-жылы 11-декабрда өткөрүлгөн жана АКШда 2012-жылы 25-декабрда жарыкка чыккан. Тасма 5 Оскар сыйлыгынын наамына ж.б. көптөгөн сыйлыктардын наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле "BAFTA", "Алтын Глобус" (Эң мыкты экинчи пландагы актер), Оскар сыйлыктарын утуп алган. Тарантино Оскар жана "Алтын Глобус" сыйлыгын уткан жана сценарий үчүн "BAFTA" сыйлыгын уткан. Тасма $100млндук бюджети менен дүйнөлүк аренадан $425 млн киреше тапкан жана Тарантинонун эң көп кирешелүү тасмасы деп табылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. DJANGO UNCHAINED (18). British Board of Film Classification (December 17, 2012). Текшерилген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 Django Unchained (2012). Box Office Mojo. Internet Movie Database. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2013.