Киши сымал маймыл

Киши сымал маймылдар‎»‎ барагынан багытталды)

Киши сымал маймылдар, гоминоиддер, антропоиддер (лат. Hominoidea, Antropomorphidea) — тар таноолуу маймылдардын чоң тукуму. Аларга горилларалы, шимпанзе, орангутан, гиббондор кирет. Африка, Азияда Суматра, Калимантан аралында кездешет. Киши сымал маймылдардын көпчүлүк белгилери мартышка сымалдарга караганда адамга жакын. Мисалы, денеси чоң, куйругу жана көчүк чору жок, кулак калканы да кишиникине окшош, мээси жана мээ кыртышынын бети чоң, быткылдары жакшы өрчүгөн, маңдайы жазы, тиши кишиникиндей. Ички органдарынын (бөйрөк, өпкө, аппендикстин болушу) түзүлүшү да окшоштукту көрсөтөт. Кан топтору, анын иммун касиеттери, зат жана энергия алмашуусунун да кишиники менен жалпылыгы бар. Анатомиялык түзүлүшү жана бир катар көрсөткүчтөрү боюнча, айрыкча шимпанзе менен горилла адамга өтө жакын, мисалы, ДНКны молекулалык гибриддештирүү методу менен мартышка сымалдардын гени адамдыкы менен 66%, шимпанзеники 91% окшош экендиги далилденген. Биологиялык жана медициналык изилдөөнүн негизинде патологиялык процесстер, жугуштуу оорулардын өтүшү да адамдын организми менен бирдей экенин көрсөткөн. Киши сымал маймылдарда гана тажрыйба жолу менен котон жараны, проказаны пайда кылышкан. Ошондой эле Киши сымал маймылдар жыныстык жактан жетилүү, боюнда көтөрүү мөөнөтү боюнча да адамга жакын. Алардын жүрүм-туруму, баамдоо аракети жагынан да башка маймылдарга караганда кыйла артыкчылыгы бар.

шамдагай гиббон (Hylobates lar).

Колдонулган адабияттар түзөтүү