Класс жетекчи – жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулар коллективинин класстагы жана класстан тышкаркы окуу-тарбия иштерин уюштуруп, иш жүзүнө ашырууну аркалаган тажрыйбалуу мугалимдердин ичинен тандалган мугалим. Орто мектептердин башталгыч класстарында класс жетекчи милдетин бул класстарды жетектөөчү мугалим өзү аткарат. Класс жетекчи мектеп директору тарабынан дайындалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004