Орто мектеп - жалпы билим берүүчү – окуучуларга илимдин негиздеринен системалуу билим берүүчү жана кесиптик даярдыкка жана жогорку билим алууга зарыл болгон ыкманы үйрөтүүчү окуу-тарбия мекемеси. Жалпы орто билим берүү орто кылымда калыптана баштаган. 12–13-кылымда университеттер пайда болушу менен жалпы билим берүүчү орто мектептин милдетин искусство факультеттери аткарган. Өз алдынча окуу жайы катары жалпы берүүчү орто мектеп 16-к-да гимназия түрүндө (эң алгачкысын 1538-ж. педагог-гуманист И. Штурм Страсбургда негиздеген) болгон. Гимназияларда негизги сабак латын жана грек тили болгон. Ар кайсы мамлекеттерде Орто мектептер ар кандай аталган. Мисалы, гимназия, лицей, коллеж ж. б. 18-кылымдын 2-жарымынан жалпы билим берүүчү орто мектептин мүнөзү олуттуу өзгөргөн.

«Бисмаркшуле»

Алдыңкы педагогдор жалпы билим берүүчү Орто мектептин негизги милдети деп окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, эстетикалык табитин, дүйнөгө көз карашынын калыптанышын жана башкалар эсептеген. Гимназия ж. б. окуу планында маанилүү орунду математика, байыркы тилдердин грамматикасы, эне тил, тарых ж. б. ээлеген. Жалпы билим берүүчү орто мектеп университеттик билим алууга даярдоочу баскыч болгон. Анын мүнөзү жана милдети көз өзгөрбөстөн, 19-кылымдын аягына чейин сакталган. Капитализмдин өнүгүшү жаштарды өндүрүштүн жана илимдин ар кандай тармагына даярдоодо мектепте жаңы милдеттерди койду.

Демократиялык ойчулдар жана педагогдор (Т. Мор, Ф. Рабле, Ж. Беллерс, Я. А. Коменский ж. б.) реалдык билим (таалим) берүүнү сунуш кылышкан. Алгачкы реалдык билим (таалим) берүү мектебин И. Хеккер 1747-ж. Берлинде ачкан. Кийин башка мамлекеттерде да пайда боло баштаган. Россияда жогорулатылган түрдөгү алгачкы мектеп 17-к-дын 2-жарымындагы грек-латын мектептери болгон. Анда чиркөө-славян, грек-латын тилдери, философия, риторика окутулган. 1701-ж. Москвада жогорулатылган түрдөгү алгачкы реалдык мектеп ачылган. Эң биринчи өз маанисиндеги Орто мектеп 1726-ж. Петербург академиясынын алдында болгон. Революцияга чейинки жалпы билим берүүчү орто мектептин мүнөздүү жагы анын башталгыч мектептен ажыратылганында. Балдар, кыздар бөлөк-бөлөк окуган. СССРде жалпы билим берүүчү орто мектептин принципиалдуу негизи турмуш, мамлекеттиксаясат менен байланыштыруу, мектепти чиркөөдөн бөлүү болгон. Мектеп ишинин түп тамырынан бери кайра курулушу «Советтик Социалисттик Федерациялык Россиянын бирдиктүү эмгек мектеби жөнүндөгү жободо», «Бирдиктүү эмгек мектебинин негизги принциптеринде» (1918) чагылдырылган.

Окуу жайынан байыркы тил, диний окуу чыгарылып, коомдук-саясий дисциплинаны үйрөнүү киргизилген. Табият жөнүндөгү илимди окутуу күчөтүлүп, политех. билим берүү жөнүндөгү маркстик-лениндик идея турмушка ашырыла баштаган. Билими жоктор үчүн 1919-ж. жумушчу факультети (рабфак) ачылган. 1920-жылдары фабрика-завод жети жылдыгы, айыл жерлеринде дыйкан жаштар мектеби ж. б. негизделген. 1934-ж. 15-майдагы СССР ЭКСтин жана ВКП(б)нын БКнын «СССРде башталгыч жана орто мектеп структурасы жөнүндөгү токтомуна ылайык жалпы орто билим берүүчү орто мектептин жаңы түрлөрү: жумушчу жаштар мектеби, айылдык жаштар мектеби, Суворов жана Нахимов окуу жайлары пайда болгон. 1958-ж. «Мектептин турмуш менен байланышын күчөтүү жана СССРде элге билим берүү системасын андан ары өркүндөтүү жөнүндөгү» законго ылайык толук эмес орто мектеп 8 жылдык, толук орто мектеп 11 жылдык болгон. 1964-ж. 10 жылдык мектеп калыбына келтирилген. Кечки жана сырттан жалпы билим берүүчү орто мектептер бар.

Окуучулардын билимин тереңдетүү, кызыгуусун ар тараптан өстүрүү максатында 7-класстан баштап факультативдик сабак киргизилген. Жалпы орто билим берүүчү мектеп мектептен тышкаркы мекемелер менен тыгыз байланышта. Мектеп үчүн 300 млнго жакын окуу китеби 47 тилде чыгат. Жалпы билим берүүчү орто мектеп эки баскычтуу: ар кандай окуу мөөнөтү менен милдеттүү негизги мектеп жана орто мектеп. Мектептер гимназия, лицей ж. б. болуп ар кандай аталат. Ошондой эле гуманитардык жана реалдык мектептер болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004