Клетка теориясы(назариясы) – тирүү организмдердин бирдиги болгон клетканын түзүлүшү, анын көбөйүшү жана көп клеткалуу организмдердин калыптанышындагы мааниси ж-гү жалпы түшүнүк. Ф. Энгельс К. т. энергиянын сакталуу закону жана Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы менен катар 19-к. табият таануудагы үч улуу ачылыштардын бири деп аныктама берген.

А. Левенгук (1632-1723).

Өсүмдүктөрдүн клеткалык түзүлүшүн биринчи болуп Р. Гук (1665) байкаган. Андан кийинчерээк А. Левенгук (1680) бир клеткалуу организмдер дүйнөсүн ачкан жана биринчилерден болуп жаныбар клеткасын (эритроциттер) көргөн. Кийинчерээк Ф. Фонтан (1781) жаныбарлардын клеткасын сүрөттөп жазган. Н. Грю (1682) клетканын бети кездеме сымал була талчаларынын өрүлүшүнөн түзүлөт деп божомолдогон, («ткань» деген термин ошондон келип чыккан). Өсүмдүк клеткасынын ядросун Р. Броун (1831) ачкан, бирок 1838-ж. М. Шлейден гана анын маанисин ачып көрсөтүүгө алгачкы кадам жасаган. К. т-н түзүүгө Т. Шванн чоң салым кошкон, ал өзүнүн маалыматтарынан тышкары Шлейдендин Я. Пуркиненин эмгегин улантуучу жана башка окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын пайдаланган.

Өсүмдүк жана жаныбарлардын ткандык түзүлүшүн салыштырып, алардын клеткалык түзүлүшүнүн жана өсүүсүнүн окшоштугун көрсөткөн. Кийинчерээк К. т. көбүнчө бир клеткалуу организмдер изилденип, клетканын негизги компоненти болгон ядро жана протоплазма, жөнүндөгү клетканын бөлүнүшү далилденген. Р. Вирхов 1858-ж. бөлүнүү жолу менен клетканын биринин ордуна биринин пайда болуу принцибин негиздеген (клетка клеткадан пайда болот).

Клеткалык түзүлүш жөнүндөгү түшүнүктүн өрчүшүнүн башында клетка менен бүтүн организмдин катнашы ж-дө суроо туулган. Бул суроонун чечилиши эки багытта өөрчүгөн. Механикалык түшүнүк боюнча жеке организмдин тиричилик аракети клетканын иш-аракетинин суммасы болуп саналат. Виталистик концепцияга ылайык организмдин максаттуу иш-аракети сапаты жагынан жогору жана «тиричилик күчү» менен шартталган.

Митоздук бөлүнүүнүн жана клетканын негизги органоиддеринин ачылышы, кийнчерээк биохимия менен молекулалык биол-нын өрчүшү менен клетканын түзүлүшү жана аткарган кызматы жөнүндөгү, жандуу жаратылыштын иерархиясындагы клеткалык деңгээл жөнүндөгү азыркы түшүнүктөр калыптанган.

Азыркы кездеги клетканын түзүлүшү, тиричилик-аракети жана өрчүшү жөнүндөгү жаңы маалыматтардын алынышына карабастан, К. т-нын негизги жоболору өзүнүн маанисин жоготкон жок: 1) клетка – тирүү организмдердин эң жөнөкөй бирдиги; 2) ар түрдүү организмдердин клеткалары өзүнүн түзүлүшү боюнча гомологиялуу; 3) клеткалардын бөлүнүшү баштапкы клетканын бөлүнүү жолу менен жүрөт; 4) көп клеткалуу организмдер бүтүн ткандардын жана органдардын системасына бириккен, бири-бири менен жөнгө салынуунун клетка аралык, гумордук жана нервдик байланышкан жана көз каранды болгон клеткалардын татаал тобу болуп саналат. Азыркы кездеги К. т. көп клеткалуу организмдерди өз ара аракеттенишкен жана кызмат аткарган татаал система катары карайт. Мындай система үчүн аны түзгөн элементтерге тиешелүү касиеттерден башка жаңы өзүнө тиешелүү белгилер мүнөздүү. Клетканын негизги структуралык элементи ядролуу эукариоттордо, ошондой эле ядросуз прокариоттордо да окшош болот. Вирустардын өз алдынча жашай албастыгына жана өзгөчө клеткалык мите болгондугуна карабастан, алардын жашоосу тирүү организмдердин клеткалык түзүлүшүнүн жалпы бирдейлигин бекемдейт. организмдердин клеткалык түзүлүшүнүн бирдейлигин клетканын түзүлүшү гана эмес, ошондой эле барыдан мурда химиялык курамынын жана зат алмашуу процесстеринин окшоштугу далилдейт. Нуклеин кислоталары жана белоктор сымал клетканын тиричилигиндеги маанилүү компоненттер, алардын синтезделүү жана айлануу процесстери жалпы бирдей жана бардык жандуу организмдердин клеткаларында бири-бирине жакын.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү