Климатотерапия (климат жана терапия) - дарылоо жана ооруну алдын алуу максатында жылдык аба ырайынын факторлорун пайдалануу.

Климатотерапияда жылдык аба ырайынын комплекстеринин элементтери - жердин деңиз деңгээли бийиктиги, барометр басымы, абанын температурасы, жаан-чачындын өлчөмү, нымдуулук, шамалдын күчү же багыты, күн нурунун күчтүүлүгү, булуттуулук, ошондой эле ландшафттын өзгөчөлүгү ж. б. факторлордун тийгизген таасири да эсепке алынат. Түрдүү климаттык шартта организмди көнүктүрүү ар кыл климатка жараша жүргүзүлөт. Туберкулёзду айыктырууда боздоң климаты жана кымыз менен дарылоо, ал эми бөйрөк оорусуна жарым чөл климаты жагымдуу. Деңиз климаты дем алуу, нерв системасынын ооруларын жана зат алмашуунун бузулушун дарылоодо колдонулат. Too климаты дем алуу жолдоруна, кан-тамыр системасына күчтүү таасир этип, зат алмашууну тездетет. Климатотерапиянын негизги методдору - аэротерапия, күнгө күйүү, деңизге түшүү. Климатотерапия курорт, санаторий, эс алуу үйлөрү, пансионат, пионер лагерь, турбаза ж. б. жайларда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.