Клоунада - эксцентрика жана буффонада ыкмалары менен клоун аткаруучу күлкүлүү сценалардан турган цирк жанры.

Клоунада элдик фарс оюндарынан чыккан. Биринчи жолу Астлей цирк (Лондон, 1780) артисти Б. Саундерс жопу болбогон чабендестин ролун, 1834-ж. Франкони циркинде Ж. Б. Ориоль акробатикалык көнүгүүлөрдү күлкүлүү ыкмалар менен аткарган. Кийин үйрөтүлгөн айбандар, музыкалык аспаптар жана акробатика кеңири пайдаланылат. Клоунада номерлери бара-бара сатиралык жана публикалык багытка ээ болот (Дуровдор жана В. Е. Лазаренко). Клоундар солоклоун (монолог окуу, акробатика ж. б. өнөр көрсөтүү), «килем» клоуну, клоунбуфф (экөө, үчөө же тобу менен чыгышат) болуп белүнөт. Советтик цирк клоундары сатиралык жана публ. каражаттуу өткүр күлкү менен өз каарманына психологиялык мүнөздөмө беришет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.