Кодекс (лат. codex – мыйзамдар жыйнагы) – өзара дал келген жана бир багыттагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдери бириктирилген жана тутумдаштырылган мыйзам актыларынын жыйындысы. К. мыйзам чыгаруучулардын кодификациялык ишмердиктеринин натыйжасы болуп саналат (кара:Кодификация). Жалпы эреже боюнча, К-ке белгилүү бир укук тармагы кирет (м.: жарандык, кылмыш-жаза, үй бүлө, эмгек ж. б.). Адатта, ал тийешелүү тармак боюнча укук негиздерин гана камтыйт. Калган укук ченемдери башка мыйзамдар менен мыйзамга негизделген актыларга кирет. Айрым К-тер ченемдерди, мыйзам тармактарын (Деңиз-соода К-и, Туракжай К-и. ж. б.) же укук тармакчалары (Салык К-и, Бюджет К-и.) бириктирет. «К.» түшүнүгү чет өлкөлөрдө белгилүү өзгөчөлүк менен айырмаланат. АКШда К. деген түшүнүк жөнеле жалпы укуктун айрым мыйзамдары менен ченемдеринин кошундусун билдирет. Ал эми Францияда болсо, акыркы кезде кадимки К. менен катар эле, укуктук жактан жөнгө салуунун айрым тармактары боюнча К. аттуу мыйзам актыларынын кошунду жыйнактарын басып чыгаруу иши жайылтыла баштады (эмгек жөнүндөгү, жол, айыл чарба, салык, бажы, деңиз порту жөнүндөгү К-тер). Бул К-ке мыйзамдык да, регламенттик да ченемдер кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү