Кожо-Ашкан корукчасы
Кожо-Ашкан корукчасы, Кожашкан заказниги — Баткен районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Кожо-Ашкандын (Сохтун куймасы) алабын, Кулдук тоонун түштүк капталын ээлейт. Аянты 16,0 миң га. Азайып бараткан тоо эчки, элик, доңуз, улар, чүткөр жана башкалар жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2